КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 28-октябры ПЖ № 367
Республиканын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүгө сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн:
"Даңк" медалы менен сыйлансын:
Исабаев Абдишүкүр - Ош областтык кеңешинин төрагасы;
Давыдов Николай Петрович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармасынын начальнигинин орунбасары;
Кунакунов Касымжан - Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоңарык айыл өкмөтүнүн башчысы;
Султанов Ташболот Мырзакасымович - Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы, Жалалабад областы;
Экономикалык иш жагындагы сиңирген эмгеги, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарындагы үзүрлүү иши үчүн:
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" деген ардактуу наам берилсин:
Кыдыралиев Зоотбек Темирбековичке - Бишкек шаарынын кеңештин төрагасы;
Республиканын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Андашев Турдубек Темиркулович - Ысыката районундагы Нурмамбет айыл өкмөтүнүн башчысы, Чүй областы;
Дадабаев Миржалал Мадумарович - Манас районундагы Үчкоргон айылынын айыл башчысы, Талас областы;
Кадырова Райкан - Өзгөн районундагы Кызылтоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Ош областы;
Орозалиев Толонбай Берикбаевич - Ысыккөл районунун Тамчы айылынын аксакалдар сотунун төрагасы, Ысыккөл областы;
Сатиев Сейдакмат Жунусович - Атбаши районундагы Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы, Нарын областы;
Семигласова Валентина Алексеевна - Каракөл шаарынын мэриясынын уюштуруу маселелер боюнча сектор башчысы, Жалалабат областы;
Ташхожаев Умархожа - Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары - жооптуу катчысы, Баткен областы;
Юлдашев Давронбек - Ош шаарындагы № 5 кварталдык комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |