Редакцияот 22.11.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 22-ноябры ПЖ № 406

Кыргыз Республикасынын маданият жана көркөм

өнөр кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен

сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын балет көркөм өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наам берилсин":

 

Бийсеев Доктурбек Касымбековичке - балетмейстер, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрыны солисти.

Республиканын маданиятына жана көркөм өнөрүнө сиңирген эмгеги үчүн

"Даңк" медалы менен сыйлансын:

 

Алагушов Балбай - музыка таануучу, журналист;

Асакеев Асанбек - Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун ректору, профессор.

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам берилсин:

 

Эргешова Саткынга - эмгектин ардагери, Ош областынын Алай районундагы Курманжан Датка атындагы тарых музейинин директору.

Республиканын музыка көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңиргеи артисти" деген ардактуу наам берилсин:

 

Текелова Айканыш Жапаровнага - пианиночу, Кыргыз улуттук консерваториясынын улук окутуучусу;

Үтөбаев Шамшыбек Тагаевичке - композитор, "Манас" республикалык жаштар сарайынын директору.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Акаев