КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 24-ноябры ПЖ № 415
В.Я.Бутанаевге, Ю.С.Худяковго "Кыргыз Республикасынын
илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам
берүү жөнүндө
Кыргызстандын илимин өнүктүрүүгө, кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын изилдөөгө кошкон кыйла салымы үчүн
"Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам берилсин:
Бутанаев Виктор (Астайбек) Яковлевичке - тарых илимдеринин доктору, Н.Ф.Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин профессору;
Худяков Юлий Сергеевичке - тарых илимдеринин доктору, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |