Редакцияот 24.11.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 24-ноябры ПЖ № 416

А.В.Фроловду

"Данакер" ордени менен сыйлоо жөнүндө

 

Кен машина куруу жагынан республиканын илимин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу институтунун "машиналардын механикасы" лабораториясынын башкы илимий кызматкери, академик Фролов Анатолий Васильевич "Данакер" ордени менен сыйлансын.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев