Редакцияот 18.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 18-апрели ПЖ № 50

А.Н.Жирковду "Даңк" медалы менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасы менен Саха Республикасынын (Якутия) ортосундагы достукту жана коомдук-маданий байланыштарды бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Жирков Александр Николаевич "Даңк" медалы менен сыйлансын.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев