Редакцияот 03,07,2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2015-жылдын 03-июлу ПЖ № 138

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары 2015-жылдын 6-июлунан баштап толук курамында кызматтарынан бошотулсун:

- Абдыкалыков Мамасадык;

- Алгожоев Замирбек Болотбекович;

- Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна;

- Мамбеталиев Анарбек Карыпбаевич;

- Оморова Гулчехра Чыракбековна;

- Сабитова Жамиля Сабитовна;

- Садыкова Гульмира Сартовна;

- Чоткараев Эрнис Устабаевич;

- Шагивалиев Амир Каюмович;

- Эркебаева Гулайым Абдыганиевна;

- Эрмаматова Сюита Эрмаматовна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Атамбаев