Редакцияот 08.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 8-августу ПЖ № 161

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2015-жылдын 12-августунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

- Байчаев Туратбек Дунганович;

- Джаркеева Эльвира Сагыналиевна;

- Ибраимова Жылдыз Белековна;

- Касымбеков Алмаз Салмоорбекович;

- Саадабаева Гульзат Аскербековна;

- Сабырова Жыпара Жумадиловна;

- Тургунбекова Гаухар Рафиковна;

- Турдукожоев Доолотбек Тентимишович;

- Чотонов Санжар Бейшенкулович;

- Шин Галина Алексеевна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев