Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2015-жылдын 27-октябры ПЖ № 216
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "тарбиялоону жана билим берүүнү" деген сөздөр "тарбиялоону, илимди жана билим берүүнү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы, 2-пункттун үчүнчү абзацындагы, 3-пункттагы ар кандай жөндөмөдөгү "билим берүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "билим берүү жана илим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
аталышындагы жана 1-пункттагы "билим берүүнү" деген сөздөр "билим берүүнү жана илимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-3, 5-6-пункттардагы "билим берүүнү" деген сөздөр "билим берүүнү жана илимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-ноябрында N 108 жарыяланды