Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (мындан ары - Мамкомиссия) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, ал дин жаатындагы изилдөөчү, билим берүүчү жана мониторинг жүргүзүүчү иштерди жүзөгө ашырат.
2. Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине, Мамкомиссиянын буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Борбор юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда берилет.
4. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
5. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору";
- расмий тилде: "Центр исследования религиозной ситуации при Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики".
7. Борбор Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 Б дарегинде жайгашкан.
2. Борбордун максаттары, милдеттери жана функциялары