Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 42 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 18-декабры ПЖ № 281

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

(КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 230 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо үчүн токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Табалдиев Бусурманкул Беркутович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы;

Мамасадыков Рустам Алайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Апилов Эрнист Мыктыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Усенов Азамат Эркинбекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;

Дооталиев Улан Тимурович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Адылов Бакытбек Адылович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы.

(КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 230 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

  

Президент

А. Атамбаев