Редакцияот 04.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 4-январы ПЖ № 3

Чүй облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Чүй облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Иштеп жаткан төмөнкү судьялар 2016-жылдын 11-январынан баштап кызматтарынан бошотулсун:

- Чүй облусунун Чүй райондук сотунан:

 

Джунушалиев Залкарбек Сулайманкулович;

Динеев Мирад Сагынбекович;

Тойгонбаев Асанбек Рафикович;

- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунан:

 

Абдухалыков Мелис Асанбекович;

Басылакунов Рысбек Кабылбекович;

Рыскулова Айжан Рыспековна;

Сопуев Болотбек Календерович.

 

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

  

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев