Редакцияот 28.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 28-январы ПЖ № 24

Ош облусунун айрым жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 1-февралынан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:

- Ош облусунун Алай райондук соту

 

Махмудов Сталбек Исакбаевич;

- Ош облусунун Араван райондук соту:

 

Арзыбаев Убайдула Кадырович;

Мурзабеков Болотбек Тургунбаевич;

Эргешова Мастура;

- Ош облусунун Кара-Кулжа райондук соту:

 

Эргешов Абдижалил Садыбакасович;

Асанов Тилек Болотбекович;

- Ош облусунун Кара-Суу райондук соту:

 

Жобонов Койчубек Касымович;

Жалалова Марипат Шерматовна;

Закиров Самарбек Жанышевич;

Матраимов Назымбек Турдалиевич.

 

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев