Редакцияот 05.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2016-жылдын 5-апрели ПЖ № 71

Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө

Судьялардын кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлгөндүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 6-апрелинен баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:

- Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан

 

Абдыллаева Шааркан;

- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан:

 

Тажибаев Абибила Кадырович;

Смадиярова Айжан Алимжановна;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунан

 

Мусаев Сайдибаказ Темирович;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан:

 

Чоконов Абдисатар;

Кенжеева Асылкан Абдимаматовна;

- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунан

 

Калыбеков Улукбек Жолдошевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев