Редакцияот 08.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 8-июлу ПЖ № 160

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Талас жана Чүй облустук сотторуна, Ош облусунун Райондор аралык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 6-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Талас облустук сотуна:

Тункатаров Омурлан Амангельдиевич;

Эстебесов Курал Калыгулович;

- Чүй облустук сотуна

Сейталиев Бекболот Мырзабекович;

- Ош облусунун Райондор аралык сотуна

Досалиев Акылбек Кубатбекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев