Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин (мындан ары - эксперттик кеңеш) статусун, түзүү тартибин жана анын ишинин уюштурулушун аныктайт.
2. Эксперттик кеңеш этностор аралык өнүгүү жана улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке эксперттик коомчулукту тартуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Эксперттик кеңештин негизги милдети болуп этностор аралык өнүгүү жана улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу саналат.
4. Эксперттик кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Эксперттик кеңеш:
1) этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна берет;
2) колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелерине тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна, башка ченемдик укуктук актыларына коомдук экспертиза жүргүзөт;
3) этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда эсепке алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын муктаждыктары жана кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды топтойт жана талдоо жүргүзөт.
6. Эксперттик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандык форумдарды, угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;
2) актуалдуу маселелерди карап чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүүгө;
3) белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана уюмдардан өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратууга жана алууга, буга мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган документтер кирбейт;
4) зарылдыгына жараша өзүнүн иши тууралуу маалыматты даярдоого, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтына жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого.