Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-декабры № 30
Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Кыдралиеванын 2018-жылдын жыйынтыгында бош кызмат орундардын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүдө” мыйзамынын 36-беренесинин 7 пунктун жетекчиликке алып, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эмгек акы фондунда үнөмдөлгөн калган акча каражаты Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүйөлөштүрүү максатында бөлүнүп берилсин;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы кызматкерлерге кошумча жүйөлөштүрүү жөнүндө буйрума чыгарылсын;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Юстиция Министрлигине ушул токтомду каттоо;
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо кеңеш айылдык төрагасынын орун басары Н.К.Райымбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |