Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-январы № 10
Сокулук айыл аймагында 2019-жылына карата айыл чарба эмес багытындагы короо-жай жер тилкесинин жана (К3 ) зоналык коэффицентинин жер салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис Искендер уулу Жылдызбектин маалыматынын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун, 338-беренесинин 1-пунктунун, “Салык Кодексин ишке ашыруу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренсинин 7-бөлүмүнүн негизинде, жана ошондой эле калктуу конуш жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин (жер салыгын эсептөө үчүн) зоналык коэффицентти аныктоо максатында,Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылдык аймагындагы короонун ичиндеги, короо-жай жана огороддорду колдонууга жер салыгынын ставкасы 1 соткага 11,0 сом бекитилсин.
2. Сокулук айылдык аймагында айыл чарбв эмес багытындагы жерлерди пайдаланган үчүн 1,2 зоналык коэффиценти (К3 ) бекитилсин.
3. Таштандыларды чогултуп чыгаруу кызматы үчүн жеке ишкерлерден жана юридикалык жактардан 100 сом алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын бюджеттик комитетинин төрагасы У.Оторкуловго жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |