Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 11
Бала бакча жана мектеп мекемелеринде онлайн камера орнотуу жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сыдыковдун маалыматын угуп жана талкууга алып, КР Президенти С.Жээнбековдун 2019 жылдын “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жарлыгын аткаруу максатында Сокулук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала бакча жана мектеп мекемелерине онлайн камера орнотууга макулдук берилсин;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы онлайн камера менен видео көзөмөлүн каржылоо үчүн бюджеттен тышкары акча каражаттарын бөлсүн;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн;
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |