Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 15
А.Мусакожоеванын арызын карап чыгуу жөнүндө
Сокулук айылдык кеңешинин сессиясында А.Б.Мусакожоеванын Сокулук райондук архитектурасы иштеп чыккан 2007-жылдын 25-майында Сокулук айылдык кеңеши менен макулдашылган Генралдык (схемалык) курулуш планын өзгөртүү киргизүү сунушун карап жана талкуулап, айтылган өзгөртүүлөр үчүнчү жактардын укуктарын бузулуусун алып келгендигине байланыштуу, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Б.Мусакожоева берген арыздагы Генералдык (схемалык) планга өзгөртүүлөрдү киргизүүлөрдөн баш тартылсын.
2. Сокулук айыл окмотунун жоопту катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жерлердин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Боронбаевага жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |