Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-апрели № 18
Сокулук айыл өкмөтүнүн жана Крупский атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы “үй-булөөгө жана балдарга жардам берүү борбору” мекемесинин штаттык тизмесин, кирешелердин жана чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана Муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө шарттары жана штаттык санынын чеги жөнүндө мыйзамына ылайык, Чуй облусунун Сокулук районунун Крупский атындагы айылдык кеңеши, Чуй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Конститутциясы “Баланын укуктары жөнүндө” БУХтун конвенциясы, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексин жетекчиликке алып, Сокулук жана Крупский айылдык кеңештеринин бирикме жыйналышынын сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №2 тиркемеге ылайык Сокулук айыл өкмөтүнүн жана Круаский атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы “үй-бүлөөгө жана балдарга жардам берүү борбору” мекемесинини штаттык бирдиги бекитилсин;
2. №3 тиркемеге ылайык мекемесинин чыгашалар жана кирешелер сметасы бекитилсин;
3. Эмгкек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен штаттык бирдик макулдашылсын;
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Крупский атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Эдигеевке жана Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Д.Сыдыковго жүктөлсүн.
Ушул токтом камтыган маалымат так, анык жана Юстиция министрлигинен мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөндүгүн тастыктайт.
Крупский атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
А. Долоталиев |
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Акматов |