Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну № 19
Грейдер автоунаасынын кызматы үчүн тарифти бекитүү жөнүндө
Грейдер автоунаасынын кызмат көрсөткөндүгү үчүн тарифтери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы К.Кенжебаевдин маалыматын угуп чыгып жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Грейдер автоунаасынын коомго кызмат көрсөткөндүгү үчүн калькуляциянын негизинде саатына 2100 сом бекитилсин
2. Грейдер автоунаасынын Сокулук айыл өкмөтүнө көрсөткөн кызматы үчүн саатына 1327 сом бекитилсин
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К.Раимбредиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |