Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну № 21
Сокулук айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Д.Сыдыковдун Сокулук айыл өкмөтүнүн штаттык ыраатмасына өзгөртүү киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 24-январындагы №5 токтомунун №3 тиркемесине өзгөртүү киргизилсин: тактап айтканда материалдык бухгалтер адис кызматы инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адисине алмаштырылсын
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасы тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К.Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |