Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну № 23
Сокулук айыл өкмөтүнүн балансына канализация түтүктөрүн кабыл алуу жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин токтомун карап чыгып жана Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сыдыковду угуп, ошондой эле “Керамикалык завод Эльвира” жабык акционердик коомунун канализациялык агым суулардын түтүктөрүн Сокулук айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү үчүн каршы болбогондугуна байланыштуу, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн балансына канализациялык агымдуу суулардын түтүктөрү кабыл алынсын (схемасы тиркелет)
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К.Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |