Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры № 32
Күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү жөнүндө
Сокулук айылынын жашоочуларынан түшкөн арызга байланыштуу, күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүгө, ошондой эле социалдык маселелер боюнча башкы адис А. Эрматованын жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Р. Ахметованын маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүдө айыл өкмөтүнөн материалдык жардамга муктаж болгон Сокулук айылынын жашоочуларына жана үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлсүн;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн;
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |