Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры № 33
«Таза Сокулук» муниципалдык ишканасынын аткарган жумуштары жана кызмат көрсөтүүсү жөнүндө
“Таза Сокулук” муниципалдык ишканасына курулуш жумуштарды жана кызматтарды аткаруу үчүн лицензия алуусу зарыл экендиги тууралуу ишкананын директору Ж. Мурзаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза Сокулук” муниципалдык ишканасына курулуш лицензиясын алууга жана кызматтарды көрсөтүүгө макулдук берилсин;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы “Таза Сокулук” муниципалдык ишканасынын уставына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн;
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.К. Раимбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |