Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 14
Христиандардын көрүстөнүндө жер берүүдөгү акы төлөнүүнүн бааларын бекитүү
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сыдыковдун христиандар көрүстөнүндө жер берүүдөгү акы төлөөнүн баалары жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн аймагынын жашоочуларынын (каттоодо турган жарандардын) өлүмүнө байланыштуу жер берүүдө акы төлөөнүн баасы 500 (беш жүз) сом деп бекитилсин.
2. Крупский атындагы айылдык аймагынын Сокулук айылындагы жашоочуларынын (каттоодо турган жарандардын) өлүмүнө байланыштуу жер берүүдө акы төлөөнүн баасы 1000 (бир миң) сом деп бекитилсин.
3. Шопоков шаары жана Гавриловка айыл аймагынын жашоочуларынын (каттоодо турган жарандардын) өлүмүнө байланыштуу жер берүүдө акы төлөөнүн баасы 5000 (беш миң) сом деп бекитилсин.
4. Сокулук айыл өкмөтүндө жана райондо жашабаган сырттан келгендерди коюуга, жер берүүдө акы төлөөнүн баалары 25000 (жыйырма беш миң) сом деп бекитилсин
5. Ушул токтомду Юстиция Министрлигинин ченемдик-укутук актыларынын бирдиктүү реестрине киргизүүнү жооптуу катчы А.Ш.Шаршакеевага үктөлсүн
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сыдыковго жана “Таза-Сокулук” муниципалдык иш канасыны башчысына жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |