Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-октябры № 41
Бодо мал жана канаттууларды каттоо иши үчүн бааларды бекитүү жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Ч. Кыдралиеванын бодо мал жана үй канаттууларды каттоо иши үчүн бааларды бекитүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көчүрмөдөгү бодо мал жана үй канаттууларды каттоо иши үчүн бир үйгө 30 сом бекитилсин;
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сыдыков бодо мал жана үй канаттуулардын каттоо иши үчүн көчүрмөчүлөрдүн тизмесин бекитсин;
3. Сокулук айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министирлигинин каттоосунан өткөрсүн;
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н. К. Райымбердиевке жүктөлсүн.
Сокулук айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Акматов |