Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-апрели № 59/22-27
"Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык округунун Юрьевка айыл өкмөтү" мекеменин Уставын мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык “Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык округунун, Юрьевка айыл өкмөтү” мекемесин ченемдик жана укуктук негизин камсыз кылуу максатында Юрьевка айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юридикалык жактын фирмалык аталышын “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык округунун Юрьевка айыл өкмөтү” мекемесинен “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык аймагынын Юрьевка айыл өкмөтү” мекемесине өзгөртүлсүн;
Толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык аймагынын Юрьевка айыл өкмөтү”
Расмий тилде: Учреждение : “Юрьевский айыл окмоту Юрьевского айылного аймака Ысык-Атинского района Чуйской области”
2. “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагынын Юрьевка айыл өкмөтү” мекемесинин жаңы Уставы бекитилсин.
3. Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысына “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагынын Юрьевка айыл өкмөтү” мекемесинин Уставы Юрьевка а. Советская көчөсү 136 юридикалык дареги менен Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгында кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү милдети жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Жогорудагы маалыматтар жана малекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер туура жана мыйзамда каралган учурлардагы мамлекеттик органдары менен макулдашылган жана камтылган деп ырастайт.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Юрьевка айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Омуралиев |