Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 21
Салык боюнча жеңилдик берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин айрым жер участкаларына салык салуудан бошотуу жөнүндө тагыраак: “көп жылдык бак-дарактардын жерлерин – 77 га, сенокос – 70 га, малды өткөрүүчү жана токтотуучу аянтачаларынын жана жерлердин кыртыш катмарынын бузулушунун (таштар, түз эмес рельеф) натыйжасында 2018-жылдын 4 СХ отчетуна ылайык сугат жерлерин – 17 га, кайрак жерлерин – 9 га, тиркелген тизмеге ылайык салык салуудан бошотуу жөнүндө” маалыматын угуп чыгып Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин “Cалык боюнча жеңилдиктер” 51- главасынын 343-беренесинин 1,3,7 – пунктарынын негизинде 2018-жылга салык төлөөдөн төмөндөгү жерлер бошотулсун:
- көп жылдык бак-дарактар – 77 га, чабуу жерлери – 70 га, мал өтүүчү жана мал токтотуучу аянтчалар жана малды өткөрүүчү жана токтотуучу аянтачаларынын жана жерлердин кыртыш катмарынын бузулушунун (таштар, түз эмес рельеф) натыйжасында 2018-жылдын 4 СХ отчетуна ылайык сугат жерлери – 17 га, кайрак жерлери – 9 га;
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча адисине жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |