Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу № 26
Жерлерди мазарга которууга макулдук берүү жөнүндө
Жер турак жай маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн адисинин маалыматын угуп чыгып:
-“Александровка айылындагы мазардын толуп кеткендигине байланыштуу, жана жерлерди сугат жерлеринен Александровка айылы боюнча (түштүк-батыш жагы) мусулман мазарына которуу муктаждыгына байланыштуу, Александровка айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы сугат жерлеринен №804 контурда жайгашкан 5,7 га жер участкасын которуу зарылчылыгы бар.
Александровка айыл аймагы боюнча мусулман мазарына которула турган жер участкаларынын жалпы аянты 5,7га”
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айылынын мазарын кеңейтүү үчүн Александровка айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы сугат жерлеринен №804 контурда жайгашкан 5,7 га жер участогу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлеринен өнөр жай, транспорт, коргоо жана башка багытындагы жерлерине которууга макулдук берилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү жерди которуу боюнча тийиштүү документтерди даярдасын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |