Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-январы № 49
Жерлерди мазарга которууга макулдук берүү жөнүндө
Жер турак жай маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн адисинин маалыматын угуп чыгып:
-“Крупск айылындагы мазардын толуп кеткендигине байланыштуу, жана жерлерди көп жылдык айдоо жерлеринен Крупск айылы боюнча (түндүк-чыгыш жагы) мусулман жана хрестьян мазарына которуу муктаждыгына байланыштуу, Александровка айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы көп жылдык айдоо жерлеринен №269,274,273,275,286,285,289,292 контурда жайгашкан 10 га жер участкасын которуу зарылчылыгы бар.
Александровка айыл аймагы боюнча мусулман мазарына которула турган жер участкаларынын жалпы аянты 10 га”:
Александровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупск айылынын мазарын кеңейтүү үчүн Крупск айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы көп жылдык айдоо жерлеринен №269,274,273,275,286,285,289,292 контурда жайгашкан 10 га жер участогу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлеринен өнөр жай, транспорт, коргоо жана башка багытындагы жерлерине которууга макулдук берилсин.
2. Александровка айыл өкмөтү жерди которуу боюнча тийиштүү документтерди даярдасын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Койчуманов |