Редакцияот 14.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

2018-жылдын 14-сентябры № 74

Пригород айыл аймактык жайыт комитетинин төрагасы Р. Азаматовдун арызын карап чыгуу жөнүндө

Пригород айыл аймактык жайыт комитетинин төрагасы Р. Азаматовдун сөзүн угуп жана карап чыгып Пригород айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атайын техниканы (чапкыч трактор) алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн салымдын суммасынан 13%ге жогору 268196сом бөлүнсүн;

2. Келишимдин негизинде “Газон NEXT” техникасы менен калкка кызмат көрсөтүлсүн жана төлөмдөр Пригород айыл өкмөтүнүн бухгалтериясы аркылуу жүргүзүлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышы Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы С. Паязовго жүктөлсүн

 

Төрага

 

А. Абдуллаев