Редакцияот 07.02.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 7-февралы №83

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 17-октябрындагы №681 "Ош мамлекеттик университетине Темиркул Үмөталиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу тууралуу

Ош мамлекеттик университетинин тарыхый аталышын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 17-октябрындагы № 681 "Ош мамлекеттик университетине Темиркул Үмөталиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомунун колдонулушу 1998-жылдын 17-октябрынан тартып жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов