Редакцияот 07.02.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 7-февралы №84

Мамлекеттик менчикке автомашина сатып алуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Германия техникалык кызматташуу коомунун арызынын негизинде "мамлекеттик пайдасына баш тартуу" бажылык режимде 2003-жылы чыккан, кыймылдаткыч N ТD42167832, кузов N JNITCSY61Z0535742 "Ниссан-Патрол" маркасындагы автомашинаны бажылык тариздөөдөн өткөрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө мүлктүн наркын эске алсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов