Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 5-марты №148
"Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун тогузунчу абзацы алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого:
Жобонун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1.9-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте дайындалат.";
- бешинчи абзацтагы "кызмат мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги менен макулдашуу боюнча жож баш ийген мамлекеттик орган тарабынан кайра чакыртылып алынат" деген сөздөр "мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;