Редакцияот 19.03.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 19-марты № 1744-IV

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2009-жылдын 18-декабрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

З.Курманов