Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы № 126-V
2011-жылда жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
2011-жылда жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылда жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жазгы талаа жумуштарына карата өз убагында даярдануу максатында төмөнкү чараларды көрсүн:
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү зарыл болгон акчалай кредиттер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана үрөндөр, минералдык жер семирткичтер, гербициддер, айыл чарба техникасы үчүн тетиктер жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылуунун, ошондой эле ирригациялык тармактарды даярдоонун маселелерин комплексте карасын;
- айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктасын;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн төмөндөтүлгөн баалар боюнча үрөндөр менен камсыз болушун мамлекеттик колдоо максатында үрөнчүлүк чарбаларына субсидияларды жана ссудаларды зарыл болгон өлчөмдөрдө бөлүп берүү жөнүндө маселени карасын;
- жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү убагында пайдаланылуучу каражаттардын мониторингин жүргүзсүн;
- экологиялык таза продукцияны өндүрүү максатында органикалык жер семирткичтерди кайра иштетүүнүн жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн алар менен зарыл болгон көлөмдө камсыз кылуунун маселелерин жөнгө салсын, ошондой эле аларды органикалык жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүүнү көбөйтүүгө кызыктырсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жаңыртуу жана өсүмдүктөрдүн зыянкечтери менен илдеттерине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;
- мында экспортко багытталган өндүрүүчүлөргө жана республиканын алыскы жана бийик тоолуу аймактарынын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдануусуна, ошондой эле аларды айкын шарттарда өстүрүү үчүн ыңгайлаштырылган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун үрөндөрү менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу менен андан ары экспорттоо максатында тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүнү жана сатууну жаңыртууга жетишсин;
- 2011-жылда айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жылына 9 пайыздык кредит берүүдө бөлүнүп берилүүчү кредиттин бир бөлүгүн жалпы айдоо аянтын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн, алынуучу кредиттин пайдалануу максатын эске алуу менен жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү башталганга чейин берсин;
- кийин аларды айыл чарба жүгүртүүсү үчүн пайдалануу боюнча чараларды көрүү менен пайдаланылбаган жерлерди талдоону жүргүзсүн;
- фьючерстик бүтүмдөрдү түзүүдө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө көмөктөшүү боюнча иш жүргүзсүн;
- айыл чарбасында кластерлерди түзүү боюнча ведомстволор аралык өкмөттүк комиссия түзсүн;
- айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында илим-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүгүн карасын;
- төө буурчагын өндүрүүчүлөрдү сертификатташтырылган, өзгөчө (суперэлита жана элита) сорттуу үрөндөр менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштурсун;
- жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө ири чарбаларга жардам көрсөтүү максатында 2-3 тажрыйба райондорунда кооперативдерди түзүү жана республиканын райондорунда алдыңкы чарбалардын тажрыйбасын жайылтуу боюнча иш жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын областтарынын губернаторлору жана Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик органдарынын пикирин жана жоопкерчилигин эске алуу менен айдоо аянттарынын түзүмү боюнча макулдашылган көз карашты иштеп чыксын;
- мамлекеттик агрардык стратегиянын кыска, орто жана узак мөөнөттүк пландарын кыска мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- үрөндөрдү сатууда жардам көрсөтүү максатында борбордоштурулган мамлекеттик сатып алуулардын тутумун ойлонуштурсун;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча ишти күчөтсүн;
- кант кызылчасын сатып алуу боюнча коррупциялык схемаларды четтетсин;
- аларды айыл өкмөттөрдүн базасында түзүү менен айыл чарба техникасын тейлөө боюнча техникалык сервистер жөнүндө жобону иштеп чыксын;
- дүйнөдө суроо-талапты пайда кылган айыл чарба продукциялары жана алардын баалары жөнүндө маалыматты дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү алышы үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин басылмасын чыгарууну карасын;
- "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө жана 2011-жылда айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өткөрүүнүн мамлекеттик программасын аткаруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун кабыл алынышын тездетсин;
- кант кызылчасын сатып өткөрүүнүн тегерегиндеги жагдайды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин ичинен комиссия түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү төмөндөтүүнүн мүмкүнчүлүгү сунуш кылынсын:
- жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө арналган жеңилдетилген кредиттер боюнча пайыздык ставканы 9дан 7 пайызга чейин;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө "Айыл банк" ААКсы тарабынан берилүүчү жеңилдетилген кредиттер боюнча пайыздык ставканы 18ден 12 пайызга чейин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерлерди трансформациялоо жана аларды жер участокторуна бөлүп берүү жөнүндө кайрылууларын кароодо өзгөчө баалуу айыл чарбасына жарактуу жерлерге кол тийбестикти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жактасын;
- өтүп жаткан жылда үрөн чарбаларын ирилештирүүнү, атап айтканда Сары-Колот жана Отуз-Адыр айылдык округдардагы мындай чарбаларды бириктирүүнү, ошондой эле Кара-Суу районунун "Отуз-Адыр" каналын реконструкциялоону жүзөгө ашырсын;
- суу ресурстарын, анын ичинде тоо өзөндөрүн сарамжал пайдалануу жөнүндө мыйзам чыгаруу сунуштарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аркылуу демилге көтөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 4-апрелине карата маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине (Э.А.Сакебаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |