Редакцияот 31.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты № 287-V

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-февралындагы № 72 токтом) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын маселелерине тиешелүү мыйзам долбоорлорун демилге көтөргөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков