Редакцияот 14.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 14-майы № 466-V

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы милдетин аткаруучу К.К.Байболовдун сүйлөгөн сөзүндө баяндалган фактыларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун жарыш сөздөрүн жана талкуулоосун кийинкиге калтыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы жыйналышынын күн тартибине киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы милдетин аткаруучу К.К.Байболовдун сүйлөгөн сөзүндө баяндалган фактыларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун жарыш сөздөрү жана талкуулоосу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы жыйналышынын күн тартибине киргизилүү менен кийинкиге калтырылсын.

 

Төрага

А.Келдибеков