Редакцияот 07.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 7-октябры № 1108-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 18-июлундагы № 397 токтом) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков