Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-ноябры № 1276-V
2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын контролдоо-өткөрүү жайларын тосуп алуу жолу менен парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратуу боюнча митингге чыккандардын аракетин текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө
Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы И.И.Исаковдун 2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын контролдоо-өткөрүү жайларын тосуп алуу жолу менен парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратуу боюнча митингге чыккандардын аракетин текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы И.И.Исаковдун 2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын контролдоо-өткөрүү жайларын тосуп алуу жолу менен парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратуу боюнча митингге чыккандардын аракетин текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (И.И.Исаков) 2011-жылдын 3-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында депутаттар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди кошумча изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |