Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-марты №1738-V
«Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди, ошондой эле Россия Федерациясынан келип түшкөн 723,8 млн. сом суммасындагы каражаттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 25-январындагы №54 токтом) «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын жана 2012-жылга республикалык бюджеттин төмөнкү негизги параметрлери өзгөртүлсүн:
- республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 25,2 пайыз салыштырма салмак менен 80 579 864,5 миң сом жалпы суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы 5 327 323,1 миң сом суммасындагы гранттык каражаттарды кошуп алганда);
- республикалык бюджеттин чыгымдары ИДПга карата 30,3 пайыз салыштырма салмак менен 96 995 698,3 миң сом жалпы суммасында;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын эң жогорку өлчөмү ИДПга карата 5,1 пайыз салыштырма салмак менен 16 415 833,8 миң сом суммасында;
алардын ичинен төмөнкүлөрдү жабууга багытталсын:
• ички булактарды - 3 288 140,0 миң сом;
• тышкы булактарды - 13 127 693,8 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
айрым министрликтерге жана ведомстволорго № 1 тиркемеге ылайык кошумча каражаттарды бөлүп берсин;
республикада администрациялык-аймактык реформа жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлерине 235,0 млн. сом, республиканын күч түзүмдөрүнө - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Ички иштер министрлигине (Ички аскерлер, Ички иштер министрлигинин Академиясы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 488,8 млн. сом кошумча багыттасын;
иштеп жаткан областтык түзүмдөрүн жоюу менен укук коргоо, коргоо ведомстволорунун региондор аралык кызматтарын түзсүн;
өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү жолу менен эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн соттолгон жарандарды иш менен камсыз кылуунун программасын иштеп чыгып, ошондой эле жарандардын бул категориясы кармалып турган имараттарды аутсорсинг шарттарында демөөрчүлөрдү тартуу менен Бишкек шаарынын сыртына көчүрүү жөнүндө маселени чечсин;
Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштарды өнүктүрүү программасын иштеп чыксын;
республиканын региондору боюнча акыркы 5 жылдын ичинде мектептерди жана балдар бакчаларын курууга, суу түтүк тармактарын реконструкциялоого, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган каражаттардын суммасы жөнүндө маалымат берсин, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарын региондор боюнча тең мерчемде бөлүштүрүүнү карасын;
башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга каралган каражаттарды тендерлерди өткөрүүсүз, айыл өкмөттөрүнөн кыйгап өтүп, түздөн-түз мектептерге багыттоонун механизмин иштеп чыксын;
2012-жылга республикалык бюджеттен билим берүү уюмдарынын, илимий мекемелердин, маданият жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн атайын каражаттарына 20 пайыздык салыкты алып салуу жөнүндө маселени карасын;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине эмгек акыны жана сыйакыларды төлөп берүүдө тартип бузууларга жол бербесин жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кыйшаюусуз аткарсын;
тышкы инвестициялардан келип түшкөн каражаттарды алардын бардык компоненттери боюнча натыйжалуу пайдалануу жөнүндө маселени карасын;
төмөнкүлөрдү кыскартсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Өкмөтүнүн резервдик фонддорунун көлөмүнүн ар бирин 20,0 млн. сомдон;
- КНСтин ордун 400,0 млн. сомго толтуруу боюнча чыгымдарды;
- штаттык бирдиктерди кыскартуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкы башкармалыгынын чыгымдарын;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- аймактык капиталдык курулуш башкармалыктарынын милдеттерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүүнү;
- өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды каржылоону;
- түштүк региондорунда казылып алынган таш көмүрдү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек арасы аркылуу сатууну;
- Бишкек ЖЭБин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;
- республиканын саламаттык сактоо тутумунда натыйжалуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында милдеттүү медициналык камсыздандыруунун принциптерин кайра кароону;
- «Саламаттык сактоого жана социалдык коргоого кеңири сектордук мамиле» (SWAP) долбоорун аткаруунун бүдөмүксүздүгүн жана ачыктыгын;
- эки деңгээлдеги бюджетке өтүүгө байланыштуу айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерин жана бухгалтерлерин окутуп-үйрөтүүнү;
төмөнкүлөрдү карасын:
- эл аралык парламенттер аралык уюмдарга - ТүркПАга, КМШнын ПААсына, ЕККУнун ПАсына, ИКУнун ПБсына, ПАБга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөлүк акыларын төлөп берүү боюнча чыгымдарды;
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешти өзүнчө сап менен каржылоону;
- чыгымдары 500,0 млн. сомдон ашкан министрликтердин жана ведомстволордун түзүмүндө министрдин каржылоо маселелерин жетектеген орун басарынын кызматын;
- мекенге «Жүк-200дү» жеткирүү боюнча компенсацияларды өз убагында төлөп берүүнү;
- «Рентон Групп» ЖЧКсынын баалуу кагаздарын кармоочулардын алдындагы 154,0 млн. сом суммасындагы карызын тындырууну;
төмөнкүлөргө каражат издеп тапсын;
- республиканын автомобиль жолдорун ремонттоону кароо менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджетин 2,5 млрд. сомго чейин көбөйтүүгө;
- Бишкек - Ош трассасындагы Бүргөндү - Базар-Коргон - Сузак автомобиль жолун реабилитациялоого;
- «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн республиканын чек ара райондорун өнүктүрүүгө 200.0 млн. сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатууга;
- Чүй өзөнүнө жээктерди бекемдөө жумуштарына 200,0 млн. сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга 1,5 млрд. сом суммасында;
- ВИЧ менен жашаган балдарга ай сайынкы жөлөкпулдарды төлөп берүүгө 11,5 млн. сом суммасында;
- ВИЧ менен жашаган балдар үчүн шприцтерди сатып алууга 250,0 миң сом суммасында;
- тарыхый-археологиялык изилдөөлөрдү жана казууларды жүргүзүүгө 10.0 млн. сом суммасында;
- баатыр энелер үчүн ордендерди жана көп балалуу энелер үчүн медалдарды даярдоого 51,0 млн. сом суммасында;
- ата мекендик жүк ташуучуларга ташууларды жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүү менен Эркечтам бажы тосотунда терминал курууга;
- кыргыз жазуучуларынын жана акындарынын чыгармаларын, Кыргызстандын тарыхы боюнча 10 томдукту бастырып чыгарууга;
төмөнкү чараларды көрсүн:
- Эл аралык эпизоотиялык бюрого (ЭЭБ) мүчөлүк акыны жыл сайын төлөп берүүнү камсыз кылуу боюнча;
- Азербайжан Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин, Италия Республикасында, Гуанжоу шаарында (КЭР), Хабаровск шаарында (РФ) башкы консулдуктарды, Оренбург шаарында (РФ), Ходжент шаарында (Тажикстан Республикасы) консулдук пункттарды ачуу боюнча;
- Бельгия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кеңешчисинин кызматын уюштуруу боюнча;
- республиканын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу боюнча;
- республиканын жогорку окуу жайларын өлкөнүн жогорку билимдүү адистерге муктаждыктарына ылайык бюджеттик каражаттар менен камсыздоо боюнча;
- балдарды жана өспүрүмдөрдү жалпы орто билим берүүгө толук камтуу боюнча;
- «Ак-Кеме» отели» КМБИ ЖЧКсы менен «Систем Мюхендислик Иншаат Санайи ве Тиджарет» түркиялык компаниясынын ортосундагы талаш маселени чечүү боюнча;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын № 2, 3 тиркемелерге ылайык эске алуу менен 2012-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;
- тиешелүү мыйзамдык жана укуктук актыларга республиканын жеке жана юридикалык жактарына бюджеттик уюмдар тарабынан белгиленген тартипте акыга көрсөтүлүүчү кызматтар жана аткарылуучу иштер үчүн атайын каражаттарды бирдиктүү казыначылык эсепте топтоштуруу, аларды аткарылган көлөмдөрдү эске алуу менен ведомстволор боюнча пайдалануу жана бөлүштүрүү жөнүндө жобону караган өзгөртүүлөрдү;
- мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик каражаттарды максаттык багыты боюнча пайдаланууда жол берилип, контролдоочу органдар тапкан тартип бузуулардан орду толтурулган каражаттардын суммасын көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн милдеттендирүүчү жобону караган мыйзам долбоорун;
- тубаса майып балдардын ата-энелеринин бирине эмгек акы белгилөө жана аларды багуу боюнча мезгилди республиканын мыйзамдары менен белгиленген куракка жеткенде пенсияны жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон анын эмгек стажына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун;
- 2012-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизүү жана айрым мамлекеттик органдардын бюджетинен кошумча каржылоону караган мыйзамдык ченемдерди жокко чыгаруу менен укук коргоо органдарын жана Куралдуу Күчтөрдү кошуп алганда мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн тутумун оптималдаштыруу боюнча концепцияны.
3. «Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча өз алдынча мамлекеттик орган түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту иштеп жаткан областтык түзүмдөрүн жоюу менен соттук ведомстволорунун региондор аралык кызматтарын түзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2010 - 2011-жылдарда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин бюджеттик каражаттарынын аудитин жүзөгө ашырсын.
6. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети 2012-жылдын 15-апрелине чейин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна алты тажрыйба министрликтин жана ведомствонун программалык бюджеттөөсүн бекитүү үчүн киргизсин;
- төмөнкүлөрдү кеңейтилген жыйналышында карасын:
2012-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетин чыгашалар беренелери боюнча жалпысынан, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аларды каржылоо бир сап менен каралган мекемелер жана уюмдар (ММКФ, SWAP ж.б.) боюнча;
курулушу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан жүргүзүлүп жаткан объекттердин тизмегин.
Төрага | А. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 15-мартындагы
№ 1738-V
токтомуна № 1 тиркеме
2012-жылга республикалык бюджеттен биринчи кезекте каражаттар менен камсыз кылуу боюнча Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин
сунуштары
№ | Министрликтердин жана ведомстволордун аталышы | Каражаттарды төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүү | Суммасы, млн. сом |
1. | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги | БШО менен ооруган майып балдарга 75,0 млн. сом, компенсацияларга жана жеңилдиктерге 100,0 млн. сом | 175,0 |
2. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | автомобиль жолдорун, көпүрөлөрдү, шаарлардын жана айылдык округдардын айылдарынын көчөлөрүн ремонттоону каржылоого | 190,5 |
3. | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | дренаждык жумуштар үчүн экскаватор сатып алууга 12,5 млн. сом жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы коллектордук дренажды курууга 1,2 млн. сом | 13,7 |
4. | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | жогорку окуу жайларын жана мектептерди ремонттоого | 37,8 |
5. | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Базар-Коргон районундагы сел агымдарынан коргонуу иш-чараларына | 5,0 |
6. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Араван районунун Төө-Моюн аймактык ооруканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы | 3,0 |
7. | ММКФ | SWAP гранты (саламаттык сактоо) | 355,3 |
8. | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | социалдык төлөөлөрдү жогорулатууга | 128,5 |
9. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы | утурумдук чыгымдарга | 11,0 |
10. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттик | Ысык-Көлдүн жээгин өнүктүрүүнүн башкы планына | 10,0 |
11. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | спортту өнүктүрүүгө 30,0 млн. сом жана улуттук оюндарды өткөрүүгө 10,0 млн. сом | 40,0 |
12. | КТРК |
| 3,0 |
13. | ЭлТР |
| 10,0 |
14. | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | утурумдук чыгымдарга | 221,5 |
|
|
|
|
|
| Бардыгы | 1204,3 |