Редакцияот 10.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-майы № 1896-V

2012-жылдын 9-февралындагы № 1623-V "Холдингдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 2-пунктун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

"Холдингдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2012-жылдын 9-февралындагы № 1623-V "Холдингдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков