Редакцияот 22.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 22-ноябры № 2516-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Исаков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Т.Алтыбаева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

 

Т.Зулпукаров