Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3934-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2013-жылдын 21-февралы №2798-V

2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 6-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан сунуш кылынган өзгөртүүлөр колдоого алынсын.

2. 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- он төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;";

- он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

ушул токтомдон келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Жээнбеков