Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 19-июну № 3257-V

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аталган ченемине каршы келбеген бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына дайындоого сунуш кылынган Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Шамиль Есенжанович Атахановдун" деген сөздөр "Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пункттун жыйырма үчүнчү абзацындагы "Шамиль Есенжанович Атахановдун" деген сөздөр "Бусурманкул Беркутович Табалдиевдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

   

 

 

Төрага

А. Жээнбеков