Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы N 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2000-жылдын 4-майы N 249

Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дача жер участкаларын пайдалануу укугуна 2000-жылга бирдиктүү айыл чарба салыгынын негиз ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайтарып алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 6-мартындагы Республиканын айыл чарбасында 2000-жылдагы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү жөнүндө" Указын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Айыл чарба жерлерин короо алдындагы жана дача жер участкаларын пайдалануу укугуна 2000-жылга бирдиктүү айыл-чарба салыгынын негиз ставкалары жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-ноябрындагы N 656 токтомунун негизинде жиберилген долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайтарылып алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-ноябрындагы "Айыл чарба жерлерин короо алдындагы чарбактарды жана дача жер участкаларын пайдалануу укугуна бирдиктүү айыл чарба салыгынын 2000-жылга негиз ставкалары жөнүндө" жана "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасынан тышкары жерлерди пайдалануу укугуна бир жолку төлөмдөрдүн жана жыл сайын салыктын 2000-жылга негиз ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу" N 656 токтому Айыл чарба жерлерин короо алдындагы чарбактарды жана дача же участкаларын пайдалануу укугуна бирдиктүү айыл чарба салыгынын 2000-жылга негиз ставкалары жөнүндө" Мыйзамдын долбоору жагынан күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр А.Муралиев