Редакцияот 25.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 25-декабры № 3727-V

«2013-жылдын 19-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 16-ноябрындагы № 628 токтому) «2013-жылдын 19-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасыныи Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков