Редакцияот 18.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-апрели № 3027-V

Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз улуттук маданиятты жана кыргыз элинин искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Мамырованын жана Э.Эрматовдун кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 25-апрель Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтому жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Жээнбеков