Редакцияот 22.01.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 22-январы № 89-IV

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана

Жогорку сотунун судьяларын шайлоо боюнча жашыруун добуш

берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун судьяларын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы 7 депутаттын санында шайлансын.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары шайлансын:

Р.А.Абдыраимова

К.Н.Жолдошев

Т.А.Жумабекова

И.Ю.Карамушкина

А.Т.Каримов

Ж.К.Кудайбергенов

А.Т.Сейтказиев.

 

 

Төрага

А. Мадумаров